1-берене
Күчүндө · 10.11.2011 редакциясы
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жыл 8-сентябрь, N 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын органдарына, бажы органдарына жана баңги каражаттарынын психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызмат органдары, бажы органдары же корголуучу адам турган жердеги баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдар" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүктөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
2. 17-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-статьяда:
1-бөлүктөгү "башка мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын; 6-бөлүктөгү "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөр "башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү ", башка мыйзамдарында жана" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 10.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203441/st-1" title="1-берене - "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>