# Кыргы Республикасынын 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 ""Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргы Республикасынын 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 ""Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4478/edition/455173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргы Республикасынын 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 ""Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (10.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203441

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 10-ноябры № 202

"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203441/st-1)

"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жыл 8-сентябрь, N 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьяда:

3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын органдарына, бажы органдарына жана баңги каражаттарынын психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызмат органдары, бажы органдары же корголуучу адам турган жердеги баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдар" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча, финансылык полиция жана бажы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүктөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.

2. 17-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 19-статьяда:

1-бөлүктөгү "башка мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын; 6-бөлүктөгү "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөр "башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү ", башка мыйзамдарында жана" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203441/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
