# КР 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4472/edition/455161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы (02.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203435

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 2-ноябры № 196

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203435/st-1)

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1501-ХII "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын V жана VI бөлүмдөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 165-ст.);

- 1997-жылдын 28-июлундагы № 58 "Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 469-ст.);

- 1999-жылдын 4-декабрындагы № 138 "2000-жылга Кыргыз Республикасынын бажы тарифин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 178-ст.);

- 2004-жылдын 12-мартындагы № 23 "2004-жылда ташылып келинүүчү товарларга карата Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 285-ст.).

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203435/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
