157-статья
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу
(1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттарды врачтын дайындоосуз керектөөгө, сойкулукка, сексуалдык аракеттерди жасоого, селсаяктык же кайырчылык кылууга же болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, - беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт.".
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
157-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203434/st-157" title="157-статья - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>