# 5-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 50 "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112383)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203430/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4467/edition/1174227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203430/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө, 5-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203430/st-5

---

1. Ушул Мыйзам колдонууга кирген учурдан тартып:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиянын негизинде ишин жүзөгө ашырып жаткан кумар оюн ишинин субъекттери ушул Мыйзамды аткаруу үчүн өз ишин токтотууга тийиш же болбосо алар мажбурлоо тартибинде жабылууга жатат;

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кумар оюн жайларын, оюн автоматтар залдарын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиялар аларда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнө карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат.

2. Өкмөт ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү колдонуудагы мыйзамдарга киргизүүгө карата сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2008-жылдын 11-августундагы № 201 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 665-ст.);

- 2010-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 4-ст.).

(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

2011-жылдын 29-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203430/st-4)
