# 4-берене. Басма ишинин эркиндиги

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 4-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында басма ишинин эркиндиги анын бардык субъекттеринин - авторлорунун, басмалардын, полиграфиялык ишканаларынын жана басма сөз продукцияларын таркатуучулардын тематиканы, адистештирүүнү, өндүрүш кооперациясын аныктоодо, авторлорду тандоодо, мезгилдүү эмес басма сөз басылмаларынын тиражын, баасын жана торуктук арзандатууну (кымбаттатууну) аныктоодо, кагаз жана башка материалдарды өндүрүүчүлөр, жөнөтүүчүлөр, ошондой эле башка уюмдар менен байланыш тариздерин түзүүдө толук чыгармачылык өз алдынчалыкты билдирет.

2. Ушул Мыйзам менен басма ишинин эркиндигине кепилдик берилет жана жарандардын маалыматка жана маданияттын жетишкендиктерин пайдаланууга, ой жүгүртүү эркиндигине, ар-намысына, динине, көз карашына, пикирин эркин билдирүүгө, илимий, техникалык жана көркөм чыгармачылык эркиндиги укугун камсыз кылууга үндөйт.

3. Басууга даярдалган кол жазмаларды жана материалдарды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-5)
