# 23-берене. Таркатуу тартиби

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 23-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-23

---

1. Басма сөз продукцияларын мыйзамдык негизде таркатууну жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, башка уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан, анын ичинде жабдууларга (полиграфиялык машиналар, көбөйтүүчү техника) жана ресурстарга (полиграфиялык ишканаларынын кубаттуулугу, кагаз ж.б.) монополизациялаштыруу жолу менен тоскоолдук кылууга жол берилбейт.

2. Басма сөз продукцияларын таркатуу басып чыгаруучу, автор, даярдоочу, таркатуучу менен соода уюмдары, башка юридикалык жактар жана жарандар ортосундагы алардын келишиминин же башка мыйзамдын негизиндеги макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Эгерде бул продукция үчүн төлөм белгиленген баа боюнча, ошондой эле эркин баа боюнча алынса, продукцияны таркатуу коммерциялык деп эсептелинет. Коммерциялык эмес таркатуу үчүн арналган продукцияда "акысыз" деген белги болушу керек жана ал коммерциялык таркатуунун предмети болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-24)
