# 22-берене. Басма ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 22-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-22

---

1. Басма ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди тартат:

1) автордук укук менен корголгон чыгармаларды келишимсиз басып чыгарганы үчүн;

2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү жок басма ишинин жүзөгө ашырганы үчүн;

3) эл аралык жана улуттук стандарттарды бузуу менен басма сөз продукцияларын чыгарганы үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

2. Укук ээсинин уруксатысыз түп нуска чыгармаларды толук же жарым-жартылай кайра чыгаруу, ошондой эле репродукциялоо мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

3. Эл аралык жана улуттук стандартты бузуу менен чыгаруу тууралуу

маалыматтарсыз басма сөз продукцияларын даярдоо жана таркатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке алып келет. Бул жобо эл аралык жана улуттук стандарттарды кабыл алганга чейин чыгарылган басма сөз басылмаларга таркатылбайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-23)
