22-берене. Басма ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги
Күчүндө · 14.02.2013 редакциясы · 4-глава
1. Басма ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди тартат:
1) автордук укук менен корголгон чыгармаларды келишимсиз басып чыгарганы үчүн;
2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү жок басма ишинин жүзөгө ашырганы үчүн;
3) эл аралык жана улуттук стандарттарды бузуу менен басма сөз продукцияларын чыгарганы үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
2. Укук ээсинин уруксатысыз түп нуска чыгармаларды толук же жарым-жартылай кайра чыгаруу, ошондой эле репродукциялоо мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
3. Эл аралык жана улуттук стандартты бузуу менен чыгаруу тууралуу
маалыматтарсыз басма сөз продукцияларын даярдоо жана таркатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке алып келет. Бул жобо эл аралык жана улуттук стандарттарды кабыл алганга чейин чыгарылган басма сөз басылмаларга таркатылбайт.
Берененин тексти 14.02.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203423/st-22" title="22-берене - Басма иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>