# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 2-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-2

---

Ушул Мыйзамга ылайык төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

- басма иши (ишмердүүлүк) - басма сөз продукцияларын жарыкка даярдоого жана чыгарууга багытталган уюштуруучулук, чыгармачылык, өндүрүштүк иш-чаралардын жыйындысы;

- басма сөз продукцияларын даярдоо - басма түп нускасынын белгилүү тиражын полиграфиялык же башка техникалык каражаттар менен чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык процесси;

- басма сөз продукцияларын таркатуу - басма сөз продукцияларын соода тармагы аркылуу, ошондой эле башка ыкмалар менен да керектөөчүлөргө жеткирүү;

- мезгилдүү эмес басма сөз продукциялары - тиражына жана аларды даярдоо ыкмасына карабастан, мезгилдүү басма сөздү албаганда тышкары китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер, открыткалар жана башка полиграфиялык өндүрүшүнүн өз алдынча жол-жоболоштурулган буюмдары;

- мезгилдүү басма сөз - туруктуу аталышы, күндөлүк номуру бар жана жылына бир жолудан кем эмес чыгып туруучу гезит, журнал, альманах, бюллетень, башка басылма;

- бастырып чыгаруучу - басма сөз продукциясын даярдоону жана чыгарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же болбосо жеке ишкер;

- басманын редакциясы - ушул уюмдун басма сөз продукцияларын редакциялоону жана басууга даярдоодо башка жумуштарды ишке ашыруучу түзүмдүк бөлүкчөсү же болбосо кызматкери (кызматкерлери);

- басма сөз продукцияларын даярдоочу - басма сөз продукцияларын өндүрүүнү жана тиражын басып чыгарууну жүзөгө ашыруучу полиграфиялык ишкана (ишкер);

- басма сөз продукцияларын таркатуучу - басма сөз продукцияларын сатууну жана (же) таркатып берүүнү жүзөгө ашыруучу уюм, ишкана, мекеме, жарандар жана алардын бирикмелери;

- чыгаруу тууралуу маалыматтар - басма сөз басылмасын мүнөздөгөн жана аны жол-жоболоштурууга, керектөөчүлөрдү маалымдаштырууга, библиографиялык иштеп чыгууга жана статистикалык эсеп алууга багытталган маалыматтардын жыйындысы.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-3)
