# 18-берене. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын,

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 18-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-18

---

даярдоочулардын жана таркатуучулардын милдеттери

1. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулар, даярдоочулар жана таркатуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) чыгарылган басылманын ар бир нускасын эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайык жол-жоболоштурууга;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленген органдарга бардык басылмалардын акысыз жана акы төлөнүүчү милдеттүү контролдук нускаларын жиберүүгө;

3) жалпы адамзаттык гуманисттик дөөлөттөрдүн бекемделишине, илимдин, маданияттын өнүгүшүнө, коомдун руханий керектөөлөрүнүн канааттандырылышына көмөктөшүүгө. Ушул Мыйзамга ылайык жарыкка чыгарууга белгиленген чектөөлөрдү сактоого;

4) автордук укуктун ченемдерин, эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптарын, басма ишин регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды сактоого.

2. Басма ишинин субъекттери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашырат.

3. Эгерде келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, басма сөз продукцияларын басып чыгаруудагы жоопкерчилик басып чыгаруучуга жүктөлөт.

4. Басып чыгаруучу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-19)
