# 12-берене. Чыгаруу тууралуу маалыматтар

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 12-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-12

---

1. Басып чыгаруучулар, даярдоочулар (анын ичинде жеке ишкерлер) тарабынан чыгарылган басма сөз продукцияларынын бардык түрлөрү эл аралык жана улуттук стандарттарга, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык чыгаруу тууралуу маалыматтарын камтууга тийиш.

2. Чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкү элементтерден турат:

1) басылманы жаратууга катышкан авторлор жана башка адамдар жөнүндө чыгаруу тууралуу маалыматтар; басылманын аталышы; үстүңкү аталыштын маалыматтары; астыңкы аталыштын маалыматтары;

2) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: басылманын чыгарылган жерин (басып чыгаруучунун аты-жөнүн жана басылманын чыгарылган жылын);

3) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтыйт: терүүгө берилген жана басууга кол коюлган датаны, кагаздын түрүн, номурун, форматын, барактын үлүшүн, негизги тексттин арибинин топтомун, басуунун түрүн, басуу барактарынын жана эсеп-басма барактарынын көлөмүн, тиражын, полиграфиялык ишкананын заказынын номурун, басып чыгаруучунун атын-жөнүн жана толук дарегин, полиграфиялык ишкананын аталышын жана толук почталык дарегин;

4) эл аралык стандарт номурлары төмөнкүлөрдү камтыйт: китептин эл аралык стандарт номурун (ISBN) же Кыргызстанга берилген цифралардын тобу менен эл аралык сериялык стандарт номурун (ISSN)), автордук укукту коргоо белгисин (С) жана мүлктүк гана укук ээсинин атын (аталышын) (С), чыгарма чыгарылган жылын;

5) классификациялык индекстер төмөнкүлөрдү камтыйт: ОУК (ондук универсалдуу классификация) индексин, КБК (китепкана-библиографиялык классификациясы) индексин.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-13)
