# 1-берене. Басма иши жөнүндө мыйзамдардын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Басма иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 184 "Басма иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4460/edition/424531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203423/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Басма иши жөнүндө, 1-берене (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын басма иши жөнүндө мыйзамдар юридикалык жактарга жана жарандарга басма ишин жүргүзүү укугуна кепилдик берет.

2. Ушул Мыйзам менен басма ишинин субъекттери: басма сөз продукцияларынын авторлорунун, басып чыгаруучуларынын, даярдоочуларынын жана таркатуучуларынын ортосундагы мамилелер жөнгө салынат.

3. Басма ишиндеги мамлекеттик саясат басма ишиндеги эркиндиктерди сактоо анын монополизацияланышына каршы аракет көрсөтүү, басма ишинин материалдык-техникалык, уюштуруучулук, укуктук жана илимий негиздерин бекемдөө принциптерине негизделет.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203423/st-2)
