# КР 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182 ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182 ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4458/edition/387821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182 ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203421

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 25-октябры № 182

"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203421/st-1)

"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 260-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203421/st-7)

төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Коомдук кыйроодон сактоо кошуундары Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү тургундардын ичинен ыктыярдуу негизде түзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203421/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
