1-берене
Күчүндө · 05.07.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдө турган "граждандык" жана "граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандык" жана "жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.".
3. 9-статьянын 14-пунктунда:
экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат."; пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;".
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203417/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>