Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-августу № 138 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтомдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары деп таануу жөнүндө чечим кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152, 157-токтомдорунун жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттары боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту деп эсептелсин:
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча:
- Айтакалов Дүйшөнбек Көккөзович - 1-Май айылдык кеңеши;
- Оролов Болотбек Жолдошбаевич - 1-Май айылдык кеңеши;
Чүй облусунун Чүй району боюнча:
- Чакеев Нурмат Карабекович - Чүй айылдык кеңеши (№ 1-тиркеме).
2. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери бекитилсин:
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-августундагы № 4;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 21-июлундагы № 11.
3. Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары таанылсын (№ 2-тиркеме).
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.Аргымбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 138 токтомунун № 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
1
1-Май
Айтакалов Дүйшөнбек Көккөзович
№ 152, 15.12.2012
2
Оролов Болотбек Жолдошбаевич
Чүй облусу
Чүй району
3
Чүй
Чакеев Нурмат Карабекович
№ 157, 15.12.2012
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 138 токтомунун № 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
1
1-Май
Мамажанов Үсөн
2
Кутманов Абасбек Сапаралиевич
Чүй облусу
Чүй району
3
Чүй
Матаев Алмаз Солтобекович
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98