# 1-берене

- Документ: ["Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203409)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 12-октябрындагы № 170 ""Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203409/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4446/edition/384447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203409/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (12.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203409/st-1

---

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 19-июлу № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 49-беренеде:

1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: "1. Шаардык жана райондук кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт."; 3-бөлүктүн 1-пунктундагы "эки" деген сөз "бир жарым" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүктөгү "жана ушул саясий партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган", "(партияда жокторду)" деген сөздөр алып салынсын.

2. 60-беренеде:

1-бөлүктөгү "25" деген цифра "30" деген цифрага алмаштырылсын; 3-бөлүктөгү "5" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203409/st-2)
