# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203405)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 6-октябрындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203405/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4442/edition/455151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203405/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (06.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203405/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:

үчүнчү абзац "медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзац "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тарифтик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу, топтоо бөлүгүн өзүнө камтыган мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана пенсия менен камсыз кылуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;".

3. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана эс алдыруу боюнча чыгымдарды каржылоого.".

4. 5-статьяда:

2-бөлүк "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын; 6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталуучу Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203405/st-2)
