1-берене
Күчүндө · 06.10.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:
үчүнчү абзац "медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзац "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тарифтик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу, топтоо бөлүгүн өзүнө камтыган мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана пенсия менен камсыз кылуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;".
3. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана эс алдыруу боюнча чыгымдарды каржылоого.".
4. 5-статьяда:
2-бөлүк "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин ", Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын; 6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталуучу Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 06.10.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.02.2022 · № 51 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203405/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынатолуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>