1-берене
Күчүндө · 05.10.2011 редакциясы
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 31-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы "тескөөсүндө калган" деген сөздөрдөн кийин "жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 58-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун аткаруу органына шайланган адамдар, алардын иштеген мезгилинде коомдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлаган жана/же рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциялар сакталган учурда кайрадан шайланышы мүмкүн эмес. Аны банкроттукка алып келген же канааттандырарлык эмес иши, кынтыктуу жүрүм-туруму же жумуш орду боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан четтетилген коомдун кызмат адамдары акцияларынын мамлекеттик пакети бар коомдун башкаруу органдарына шайланышы мүмкүн эмес".
3. 62-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) курамына шайланган адамдар катары менен үч жолудан ашык шайланышы мүмкүн эмес".
Берененин тексти 05.10.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203403/st-1" title="1-берене - "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>