# КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163 ""Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163 ""Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4440/edition/455147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163 ""Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (05.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 5-октябры № 163 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203403/st-1)

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 31-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы "тескөөсүндө калган" деген сөздөрдөн кийин "жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 58-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун аткаруу органына шайланган адамдар, алардын иштеген мезгилинде коомдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлаган жана/же рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциялар сакталган учурда кайрадан шайланышы мүмкүн эмес. Аны банкроттукка алып келген же канааттандырарлык эмес иши, кынтыктуу жүрүм-туруму же жумуш орду боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан четтетилген коомдун кызмат адамдары акцияларынын мамлекеттик пакети бар коомдун башкаруу органдарына шайланышы мүмкүн эмес".

3. 62-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) курамына шайланган адамдар катары менен үч жолудан ашык шайланышы мүмкүн эмес".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203403/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
