# КР 2011-жылдын 5-октябрындагы №161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы №161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4438/edition/1271955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы №161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203401

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 5-октябры № 161 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195, 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203401/st-1)

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 6-статьяда:

биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет."; төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга (мындан ары эксперттик уюм) ушундай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу товарлар менен технологияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.".

2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмегин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролго алынуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт;".

3. 14-статья төмөнкү редакциядагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203401/st-2)

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203401/st-3)

(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203401/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
