# КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 159 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 159 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4436/edition/455139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 5-октябрындагы № 159 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (05.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203399

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 5-октябры № 159

Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203399/st-1)

Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203399/st-2)

Көрсөтүлгөн Макулдашуунун 6-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу боюнча компетенттүү орган болуп аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203399/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу болгон компетенттүү орган жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына билдирсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203399/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
