# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203393)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 153 ""Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203393/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4430/edition/1176516/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203393/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203393/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин ишин уюштуруу

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин төрага башкарат, ал МУККга жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат. МУККнын төрагасы жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. МУККнын төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна (чек ара аскеринин командачысын кошпогондо) улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Коллегия түзүлөт.".

2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203393/st-2)
