# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4427/edition/1276781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203390

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 8-августу № 150 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203390/st-1)

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда: 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын: "Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү "Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте белгиленет"; 5, 7-9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203390/st-2)

"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 21-статьянын 2-бөлүгүндө: экинчи сүйлөмдөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык" жана ", ошондой эле "жаш окутуучуларга берилүүчү жеңилдиктерге" деген сөздөр алып салынсын: үчүнчү сүйлөм алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203390/st-3)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 32-статьяда: 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат."; 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет"; 9-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203390/st-4)

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 20-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203390/st-5)

Ушул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
