# 8-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 13.01.2015 [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441); 09.07.2014 [Закон КР от 9 июля 2014 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205340)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 8-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-8

---

1. Табигый монополиянын субъекттери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу органдын чечимин аткарууга;

2) чыгымдары табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) бааларында эске алынган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте сатып алууну жүзөгө ашырууга;

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

3) коомдук, экологиялык коопсуздуктун жана жарандардын ден-соолугу үчүн коопсуздуктун принциптерин сактоодо өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн кыйла натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын тандоого;

4) ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча 5 жумуш күнүнөн кем эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө монополиянын субъекттеринин иштери жөнүндө кагаз жана (же) электрондук түрдө финансылык отчетту жана маалыматты берүүгө, анын ичинде:

товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүдөгү (сатуудагы), анын ичинде айлык акыдагы, чийки заттардын жана материалдардын наркындагы, кошумча чыгашалардагы чыгымдар жөнүндө; салык жана башка төлөмдөр жөнүндө; негизги өндүрүштүк фондун абалы жана наркы жөнүндө; инвестициядагы жана амортизациялык чегерүүлөрдөгү муктаждыктар жөнүндө; ар кандай баа (тариф) боюнча товарларды сатуу мүмкүнчүлүгүнөн божомолдонгон кирешелер жөнүндө; товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү ордунан керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) ар кандай тобун оолактатуу жөнүндө; керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) суроо-талабына өндүрүлгөн (сатылган) товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын ылайыктуулугу жөнүндө; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өндүрүлгөн жана экспорттолгон, импорттолгон көлөмдөрү жөнүндө: мамлекеттик дотациялар жана башка мамлекеттик колдоо (жардам) чаралары жөнүндө;

5) ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлорун, өз иши тууралуу утурумдук отчетторду берүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана башка иштер боюнча толугу менен кирешелердин, чыгымдардын жана натыйжалуу активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүүгө;

7) ыйгарым укуктуу органга макулдашууга эсептик саясатын берүүгө;

8) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган типтүү келишимдерге ылайык көрсөтүлүүчү жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүнө, ошондой эле башка көрсөтүлүүчү жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүнө жана (же) жыйындысына керектөөчүлөр менен келишим түзүүгө;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте негизги каражаттарды кайра баалоодон өткөрүүнү макулдашууга;

10) кварталдын жыйынтыгы боюнча тарифтик сметаны аткарылышы жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча берүүгө;

11) жөнгө салынган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө келишимдерди түзүүдө керектөөчүлөрдүн укугун бузууга жол бербөөгө;

12) бааларды (тарифтерди) өзгөртүү (төмөндөтүү) тууралуу, аларды аракетке киргизгенге чейин 10 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга жана керектөөчүлөргө кабардар кылууга;

13) табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынган товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана колдонулган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүүнүн усулун иштеп чыгууга жана макулдашууга;

14) (КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган баалар (тарифтер) боюнча товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууга;

16) керектөөчүлөрдүн алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жана аларга кошулуунун (биригүүнүн, пайдалануунун) шарттарын камсыз кылууга.

2. Табигый монополиялар субъекттеринин инженердик-техникалык кызматтары Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электр-, жылуулук-, газ-, суу менен жабдуу жана суу бөлүү жаатындагы инженердик-техникалык камсыздоонун бардык колдонуудагы жана пландалуучу тармактардын схемаларын жана толук маалыматын берүүгө милдеттүү.

Табигый монополиялардын субъекттеринин инженердик-техникалык кызматтары, мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтары менен инженердик-техникалык тармактардын схемаларын жайгаштырууга милдеттүү. Бул маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча да берилет.

3. Табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тартиби жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 119, 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-9)
