# 7-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин иштерин чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268435..1268436>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 7-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-7

---

1. Табигый монополиялардын субъекттерине төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) табигый монополиянын чөйрөсүнө кирбеген башка иштерди жүзөгө ашырууга, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

даярдоо технологиясы жөнгө салынуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) менен байланыштуу болгондор; түзүмдүк бөлүмчөлөрдү уюштуруучулук жана аймактык обочолонтуу мүмкүн болбогон учурда;

2) белгиленген өлчөмдөн жогорку акыны жөнгө салынуучу товарга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) алууга;

3) табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) жеткиликтүүлүк шарттарды таңылоого;

4) жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасына (тарифтерине) аларды өндүрүүгө жана сатууга байланышпаган чыгымдарды киргизүүгө;

5) рынокто жасалма дефицитти түзүү максатында жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана сатууну убактылуу токтотууга же табигый монополиянын субъекти үчүнчү жактардын иштерине таасирин этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда, мындай шарттарды түзүүгө;

6) атаандаштык шартында жүзөгө ашырылган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана жеткирүүнү субсидиялоо мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө киргизилген иштерден алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүүгө;

7) ички рыноктогу суроо-талап жетишерлик канааттандырбаганда товарларды, (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого;

8) мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүп берген учурларды кошпогондо, жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана сатуу үчүн багытталган мүлктөн ажыратууга;

9) жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрду) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленбеген баалар (тарифтер) боюнча сатууга.

2. Табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө (сатып алууга) келишимдердин формалары, жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү эрежелери ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-8)
