# 5-берене. Табигый монополиялар чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 13.01.2015 [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 5-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-5

---

1. Табигый монополиялардын субъекттеринин иш чөйрөлөрүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана керектөөчүлөрдүн укугун жана мыйзамдуу талаптарын басмырлоону токтотуу же табигый монополиялардын абалынан атаандаштык рыногунун абалына тиешелүү товар рыногунун экономикалык өзүн актоочу өтүүсүн токтотуу максатында контролду төмөндөгү учурларда ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат:

1) натыйжасында табигый монополиялардын субъектиси товарларды өндүрүү (сатуу) үчүн арналбаган негизги каражаттарга менчик укугуна же негизги каражаттарды пайдалануу укугуна ээ болгон бардык бүтүмдөргө, буларга карата, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашса, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;

2) натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъект менчик укугуна же товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү (сатуу) үчүн арналган табигый монополиялардын субъектисинин негизги каражаттарынын бир бөлүгүнө ээ болуу жана (же) пайдалануу укугуна же бардык бүтүмдөргө ээ болгондо, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашып кетсе, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;

3) товарларды өндүрүүдө (сатууда) табигый монополиялардын субъектисинин инвестицияларына, буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиялардын субъектисинин өздүк капиталынын наркы 10 пайыздан ашыкты түзсө, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулбайт.

4) табигый монополиялардын субъектисинин кайра уюштурулушуна жана жоюлушуна.

5) табигый монополия субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун эрежелерин жана аларга кошулуунун (биригүүнүн, пайдалануунун) шарттарын сактоо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-2, 4-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн табигый монополиялардын субъектиси мындай аракеттерди жасоого макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты ыйгарым укуктуу органга берүүгө жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл маалыматты билдирүүгө милдетүү.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда табигый монополиялардын субъектиси ыйгарым укуктуу органга билдирме жиберет. Маалыматтын мазмунуна жана аны берүүнүн формасына талаптар, ошондой эле өтүнүчтү жана билдирмени карап чыгуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган, эгерде өтүнүчтөгү аракеттер ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо, ошондой эле эгерде арыз берүүчү тарабынан бардык зарыл документтер берилбеген учурда, же аларды кароодо андагы айтылган маалымат так эмес экендиги табылса өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартат. Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтү алгандан 30 күндөн кечиктирбестен өзүнүн чечимин - макул же баш тарткандыгы жөнүндө кат жүзүндө арыз берүүчүгө кабарлайт. Баш тартуу жүйөөлөштүрүлүүгө тийиш. Чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган аны арыз берүүчүдөн сурап алат жана өтүнүчтү кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүү менен бирге мындай суроо-талап өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жиберилген шартта өтүнүчтү кароо мөөнөтүн 30 күнгө узартат. Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда, чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.

3. Жак, же жактардын тобу табигый монополиялардын субъектисинин уставдык капиталында акцияларды (үлүштөрдү) рынокто сатып алууда же башка бүтүмдөрдүн (анын ичинде тапшырма келишимдеринин, ишенимдик башкаруунун, барымтанын) натыйжасында табигый монополиялардын субъектисинин уставдык капиталын түзгөн бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгына ээ болсо сатып алат, бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга сатып алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, алар өздөрүнө таандык болгон добуштардын саны өзгөргөн бардык учурлар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлгөн мөөнөтүндө билдирүүгө милдеттүү. Ушундай эле милдетти бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгы өзүнө тийген башка чарбакер субъектинин уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээ болгон табигый монополиялардын субъектиси алат.

Ушул бөлүктө каралган талаптардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган добуштардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 10 пайыздан ашыгына ээ болгон алардын катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматты чарба жүргүзүүчү субъекттерден сурап алат.

4. Табигый монополиялардын субъекттеринин юридикалык жактарынын мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо, ошондой эле анын ишинин токтотулушун каттоо ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашкандан кийин гана каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2015-жылдын 13-январындагы N 9, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-41)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-6)
