# 41-берене. Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 13.01.2015 [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 41-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-41

---

1. Мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.

2. Ушул Мыйзам колдонулган чөйрөдө табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин жөнгө салуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:

1) бааны (тарифти) жөнгө салуу:

- бааларды (тарифтерди) белгилөө;

- баалардын (тарифтердин) чектик деңгээлин белгилөө;

2) (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчүлөрдү (абоненттерди) аныктоо жана (же) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгын эске алуу менен табигый монополиялардын субъекти тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу, мамлекеттин коопсуздугун, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, аларды камсыз кылуунун минималдык деңгээлин белгилөө;

4) соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө;

5) табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди белгилөө, ушул субъект тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда, инженердик-техникалык камсыз кылуунун тиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу.

3. Бааны (тарифти) жөнгө салууда төмөнкүдөй жөнгө салуу усулдары колдонулат:

1) экономикалык жактан негизделген сарптоолордун усулу;

2) инвестициялык капиталдардын кирешелүүлүк усулу.

4. Ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары үчүн, ошондой эле табигый монополиялардын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырма талдоо усулун пайдалануу менен алынган жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери колдонулат.

(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-4)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-5)
