Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
41-берене. Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары
Күчүндө · 25.06.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июня 2022 года № 52
1. Мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.
2. Ушул Мыйзам колдонулган чөйрөдө табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин жөнгө салуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1) бааны (тарифти) жөнгө салуу:
- бааларды (тарифтерди) белгилөө;
- баалардын (тарифтердин) чектик деңгээлин белгилөө;
2) (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчүлөрдү (абоненттерди) аныктоо жана (же) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгын эске алуу менен табигый монополиялардын субъекти тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу, мамлекеттин коопсуздугун, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, аларды камсыз кылуунун минималдык деңгээлин белгилөө;
4) соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө;
5) табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди белгилөө, ушул субъект тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда, инженердик-техникалык камсыз кылуунун тиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу.
3. Бааны (тарифти) жөнгө салууда төмөнкүдөй жөнгө салуу усулдары колдонулат:
1) экономикалык жактан негизделген сарптоолордун усулу;
2) инвестициялык капиталдардын кирешелүүлүк усулу.
4. Ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары үчүн, ошондой эле табигый монополиялардын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырма талдоо усулун пайдалануу менен алынган жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери колдонулат.
(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
30.06.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин … 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2016-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 118 кошулду: 118, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203389/st-41" title="41-берене - Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>