# 4-берене. Табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269); 13.01.2015 [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268436..1268437>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 4-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-4

---

Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууда төмөнкүлөр негизги принциптер болуп саналат:

1) керектөөчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана алардын керектөөчүлөр үчүн талаптагыдай сапатын камсыз кылган табигый монополиялардын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо, табигый монополиялардын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсү жана өнүгүүсү;

2) атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн эсебинен келечекте табигый монополиялардын чөйрөсүн кыскартууга багытталган жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

3) табигый монополиялардын тармактык өзгөчөлүктөрүн, иштеринин масштабын, рыноктук конъюнктураны, орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) макроэкономикалык жана тармактык божомолдорду, ошондой эле бул субъекттерди баа (тарифтик) жөнгө салуунун чараларын эске алуу менен табигый монополиялардын субъекттерин ийкемдүү баа (тарифтик) жөнгө салууну колдонуу;

4) тийиштүү ички рынокту талдоонун негизинде ал рынок табигый монополиянын абалында экендиги аныкталган учурда мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү;

5) кабыл алынуучу чечимдердин көз карансыздыгын, улантуучулугун, ачыктыгын, объективдүүлүгүн жана айкындыгын камсыз кылуучу табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун жол-жоболорун колдонуу;

6) кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө карата, анын ичинде табигый монополиялар чөйрөсүнө тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен тоскоолдуктарды солгундатуу;

7) табигый монополиялар чөйрөсүндө белгиленүүчү баалардын (тарифтердин) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына шайкештигин камсыз кылуу;

8) табигый монополиялардын субъекттерине чыгымдарды азайтуу, жаңы технологияларды киргизүү, инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, пайдалуу болгон экономикалык шарттарды түзүү;

9) экономикалык жактан негиздүү пайда алуу;

10) табигый монополиялардын субъекттеринин тарифтерин (бааларын) берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана сапатын эске алуу менен түзүү;

11) энергиялык натыйжалуулук жана экологиялык жагдайлар боюнча иш-чараларды аткаруу;

12) керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, анын ичинде жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) колдонуу менен байланышкан табигый монополиялардын субъекттери тарабынан ар кандай эреже бузуулардан коргоо;

13) табигый монополиялардын субъекттери тарабынан мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык мүмкүнчүлүгү болгондо, аларга карата мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган кызмат көрсөтүүлөргө керектөөчүлөр менен келишимдерди түзүүнүн милдеттүүлүгү;

14) жөнгө салуунун табигый монополиянын конкреттүү субъектине багытталгандыгы.

(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-3)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-41)
