# 3-берене. Негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269); 13.01.2015 [Закон КР от 13 января 2015 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О естественных и разрешенных монополиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205441); 19.07.2014 [Закон КР от 19 июля 2014 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205366)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 3-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-3

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат: табигый монополиянын субъекттеринин мамлекеттик реестри - республикалык жана регионалдык (локалдык) рыноктордо мамлекеттик тескөөгө жана контролдонууга жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеси; табигый монополия - товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы; (төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (бешинчи абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) товар - сатуу, алмаштыруу же башка жүгүртүүгө киргизилгендер үчүн арналган жарандык укуктардын (анын ичинде иштер, кызмат көрсөтүүлөр) объектиси; табигый монополиянын субъектиси - табигый монополиянын шартында товарларды өндүрүү (сатуу) менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жак); табигый монополиялардын чөйрөсү - ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат; керектөөчү (абонент) - табигый монополиянын субъекти тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу, пайдалануучу же пайдаланууну ниет кылган жеке же юридикалык жак; баанын (тарифтин) чектүү деңгээли - табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарына, ишине, кызмат көрсөтүүсүнө баанын (тарифтин) максималдуу көрсөткүчү; табигый монополиянын субъектисинин жетекчиси - табигый монополиянын субъектисинин атынан ишеним катсыз чыгууга ыйгарым укук берилген адам; (он биринчи абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) баа (тариф) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте белгиленген табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) наркынын акчалай мааниси; (абзац КР 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ыйгарым укуктуу орган - табигый монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, жоюу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органдары; кызмат көрсөтүүлөр - жеке муктаждыктарын же башка жактын муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде товарларды, иштерди, чийки заттарды жана материалдарды ар кандай сатып алууларга багытталган иштер; ички рынок - керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарларын (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга мүмкүн болгон товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү; жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилине белгиленүүчү узак мөөнөттүү тарифтерди эсептөө үчүн зарыл болгон параметрлер; жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгили - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери белгиленүүчү мезгил кеминде 3 жылды түзөт; табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин табигый монополиялардын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; киреше - катышуучулардын салымдарын кошпогондо, активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же табигый монополиянын субъектинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы; инвестицияланган капитал - табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон активдерин түзүү үчүн пайдаланылган капитал. (КР 2014-жылдын 19-июлундагы № 145, 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-21)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-4)
