21-берене. Табигый монополиялардын чөйрөлөрү
Күчүндө · 25.06.2026 редакциясы
Табигый монополиялардын чөйрөлөрү болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) мунайды жана мунайзаттарын магистралдык түтүк өткөргүчтөр аркылуу ташуу;
2) жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү, сактоо жана сатуу;
3) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу, берүү;
4) улуттук энергия тутумун оперативдүү-диспетчердик башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
5) борборлоштурулган суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү;
6) жалпы пайдалануудагы электр байланыш жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
7) темир жол ташуулары;
8) эл аралык жана транзиттик учууларды аэронавигациялык тейлөөнү кошпогондо, учууларды аэронавигациялык тейлөө;
9) ички аба ташууларын жерден тейлөө.
(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203389/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>