# 18-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринин (кагаз жүзүндөгү талаптарынын) аткарылышынын тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385); 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 18-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-18

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери (кагаз жүзүндөгү талаптары) табигый монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) тарабынан чечимдерде (кагаз жүзүндөгү талаптарда) каралган мөөнөттө, бирок аларды алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен аткарылууга тийиш.

2. Ушул Мыйзамды бузуу менен кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө же бузулганга чейин болгон алгачкы абалын калыбына келтирүү жөнүндө чечимдер (кагаз жүзүндөгү талаптар) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган бул актыларды толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп табуу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Табигый монополиянын субъектиси келишим түзүү тууралуу же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кагаз жүзүндөгү талаптарды аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу орган келишимди түзүүгө же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө табигый монополиянын субъектисин мажбурлоо тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Табигый монополиялардын субъекттери ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган бул кирешени өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу.

5. Табигый монополиянын субъекттери, табигый монополиянын субъекттеринин жетекчилери же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары айып пулду төлөөдөн баш тарткан учурда же айып пулду чечимдерде (кагаз жүзүндөгү талаптарда) көрсөтүлгөндөн азыраак өлчөмдө төлөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган айып пулду өндүрүп алуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-19)
