# 12-берене. Ушул Мыйзамды бузуунун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О конкуренции", "О естественных монополиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112385)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389#diff=1268441..1268442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 12-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-12

---

1. Ушул Мыйзамды бузган учурда, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине (жазуу жүзүндөгү талаптарына) ылайык табигый монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) төмөндөгүлөргө милдеттүү:

ушул Мыйзамды бузууну токтотууга жана алардын кесепеттерин жоюуга; алгачкы абалына келтирүүгө же чечимде (жазуу жүзүндөгү талапта) көрсөтүлгөн башка аракеттерди жасоого; ушул Мыйзамга ылайык келбеген актыны жокко чыгарууга жана (же) өзгөртүүгө; милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчү (абонент) менен келишим түзүүгө; керектөөчү (абонент) менен келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; Кыргыз Республикасынын салыктык эмес киришелер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган айып пулун төлөөгө же башка жоопкерчиликти тартууга; келтирилген чыгымдын жана (же) зыяндардын ордун толтурууга.

2. Табигый монополиянын субъектиси ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында алган кирешени ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которууга милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2022-жылдын 30-июнундагы N 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-13)
