# 11-берене. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө алардын билдирүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 11-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-11

---

Ыйгарым укуктуу орган табигый монополиянын субъекттеринин иштерине өзгөртүү же жөнгө салууну токтотуу киргизүү жөнүндө, ошондой эле табигый монополиянын субъекттерин Мамлекеттик реестрге киргизүү тууралуу же андан чыгаруу жөнүндө, табигый монополиянын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун колдонулган усулдары жана аларга коюлган конкреттүү көрсөткүчтөрү жана талаптары тууралуу алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же расмий сайттар аркылуу билдирип турууга милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же расмий сайттар аркылуу ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн табигый монополиянын субъекттеринин жоопко тартылгандыгынын бардык учурлары жөнүндө кабарлап турууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-12)
