# 10-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка жетүү укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203389)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4426/edition/1268433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203389/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө, 10-берене (25.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-10

---

1. Ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максаттарында алардын кызматкерлери кат жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде табигый монополиянын субъекттеринин чарбалык иштери жөнүндө, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринде болгон маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча табигый монополиянын субъекттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда каралган иш-милдеттерди ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн зарыл болгон ишенимдүү документтерди, жазуу жүзүндө жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынган коммерциялык сыр бар маалыматтар ашкереленүүгө жатпайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203389/st-11)
