10-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка жетүү укугу
Күчүндө · 25.06.2026 редакциясы
1. Ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максаттарында алардын кызматкерлери кат жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде табигый монополиянын субъекттеринин чарбалык иштери жөнүндө, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринде болгон маалыматтарды алууга укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча табигый монополиянын субъекттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда каралган иш-милдеттерди ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн зарыл болгон ишенимдүү документтерди, жазуу жүзүндө жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынган коммерциялык сыр бар маалыматтар ашкереленүүгө жатпайт.
Берененин тексти 25.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203389/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>