# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4424/edition/488579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 147 Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203387/st-1)

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., N 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике гана таанылат. Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырасымдар укуктук мааниге ээ эмес.".

2. 14-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203387/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
