Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 147 Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., N 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике гана таанылат. Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырасымдар укуктук мааниге ээ эмес.".
2. 14-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- Yч-Коргон айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-августундагы № 12/8 "Эркектер жана аялдар Yчун нике курагын бир жылдан ашырбастан тѳмѳндѳтγγ укукгу жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 08.08.2014 · № 12/8
Шилтеме берет (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201