# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 146 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 146 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4423/edition/455113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 146 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203386

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 146

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203386/st-1)

Электр энергетикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар. Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы.".

2. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9-статья. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу Улуттук энергетикалык программага ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө токтомуна ылайык ишке ашырылат.".

3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-статья. Тендер өткөрүү жөнүндө жарыялоо

Компетенттүү мамлекеттик органдар, ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктардан жана магистралдык электр тармактары участкаларынан тышкары, энергетикалык орнотмолорду курууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203386/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
