Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 146
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Электр энергетикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар. Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы.".
2. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар
Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу Улуттук энергетикалык программага ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө токтомуна ылайык ишке ашырылат.".
3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Тендер өткөрүү жөнүндө жарыялоо
Компетенттүү мамлекеттик органдар, ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктардан жана магистралдык электр тармактары участкаларынан тышкары, энергетикалык орнотмолорду курууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
Шилтеме берет (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8