# 99-берене. Курулуш конструкцияларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 99-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-99

---

Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялык аткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышына себеп болууга тийиш эмес. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүн отко туруктуулук чектери жалгашуучу курулуш элементтеринин отко туруктуулук чектеринен кем болбоого тийиш. Имараттардын (курулмалардын) залдарда полду жантайтуучу конструкциялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын аралыгын тоскучтарга (перекрытие) коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Курулуш конструкцияларын кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана башка технологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучу материалдардын отко туруктуулук чектери ошол конструкциялар үчүн белгиленген отко туруктуулук чектеринин маанилеринен кем болбоого тийиш. Тоскучтар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатуу үчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко туруктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол тоскучтар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерине жана өрт коркунучу классына коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы бөгөттөр алардын үстүндөгү боштуктарды да бөлүүгө тийиш. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюк жана катуу материалдарын ташуу үчүн каналдар менен өткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайларда асма шыптарды коюуга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-100)
