# 98-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу тууралуу маалыматтарына коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 98-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-98

---

Оттон коргоо каражаттарынын техникалык документтери колдонуу жаатын, өрт коркунучунун, үстүңкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактын түрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуу шарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералык таасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабууларды пайдалануу шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын камтууга тийиш. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүнү же анын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар (кошумча жабуу) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоо натыйжалуулугу тийиштүү атайын техникалык регламент менен аныкталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-99)
