# 95-берене. Заттар менен материалдардын өрт коркунучу тууралуу маалыматтарга коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 95-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-95

---

Заттар менен материалдарга өндүрүүчү (жабдуучу) тарабынан ошол продукциянын коопсуз колдонулушу жөнүндө маалыматты камтыган техникалык документтер иштелип чыгууга тийиш. Заттар менен материалдардын техникалык документтери (анын ичинде паспорттор, техникалык шарттар, технологиялык регламенттер) заттар менен материалдардын жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Техникалык документтерге киргизилүүчү милдеттүү түрдөгү көрсөткүчтөр төмөнкүлөр болуп саналат:

1) газдар үчүн:

- күйгүчтүк тобу;

- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;

- жалындын концентрациялык таралуу чектери;

2) суюктуктар үчүн:

- күйгүчтүк тобу;

- дүрт этип күйүү температурасы;

- жалындоо температурасы;

- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;

- жалындын температуралык таралуу чектери.

3) катуу заттар үчүн:

- күйгүчтүк тобу;

- жалындоо температурасы;

- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;

- түтүн пайда болуу коэффициенти;

- күйүү продукттарынын уулуулугунун көрсөткүчү;

4) дисперстик катуу заттар үчүн:

- күйгүчтүк тобу;

- өзүнөн өзү жалындоо температурасы;

- жалындын төмөнкү концентрациялык таралуу чектери;

- жарылуунун эң жогорку басымы;

- жарылуу басымынын көбөйүү ылдамдыгы;

- жарылуу коркунучунун индекси.

Жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучу көрсөткүчтөрү жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизүүнү продукцияны даярдоочу чечет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-96)
