# 93-берене. Өрт гидроэлеваторлоруна жана соруучу торлорго коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 93-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-93

---

1. Өрт гидроэлеваторлору суунун бети менен өрт сордургучтун жайгашуу деңгээлинин ортосундагы айырма сордургучтун эң жогорку суу соруу бийиктигинен ашык болгон ачык көлмөлөрдөн суу алууну камсыз кылууга, ошондой эле жайдан өрт өчүрүүдө төгүлгөн сууну чыгарууну камсыз кылууга тийиш.

2. Соруучу өрт торлору ачык көлмөлөрдөн алынуучу сууну чыпкалоону жана сордургучтун иштешинин бузулушуна алып келүүчү өлчөмдөгү катуу бөлүкчөлөрдүн өтүп кетишин болтурбоону камсыз кылууга тийиш.

Соруучу өрт торлору кайтарып берме клапан менен жабдылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-94)
