# 91-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 91-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-91

---

1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ жана чачыраган агымын калыптандырууну;

- чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;

- агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;

- от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпой туруп, алардын чыгымынын өзгөрүшүн;

- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;

- тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтар боюнча лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;

- тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгүн.

2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- орто жана жогорку бөлүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн үзгүлтүксүз агымын калыптандырууну;

- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;

3. Көбүк аралаштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнгүчтүктөгү көбүк алуу үчүн көбүк пайда кылгычтын берилген концентрациядагы суудагы эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-92)
