91-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ жана чачыраган агымын калыптандырууну;
- чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;
- агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;
- от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпой туруп, алардын чыгымынын өзгөрүшүн;
- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;
- тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтар боюнча лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;
- тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүнчүлүгүн.
2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- орто жана жогорку бөлүнгүчтүктөгү аба-механикалык көбүктүн үзгүлтүксүз агымын калыптандырууну;
- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;
3. Көбүк аралаштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнгүчтүктөгү көбүк алуу үчүн көбүк пайда кылгычтын берилген концентрациядагы суудагы эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-91" title="91-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>