# 9-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 9-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-9

---

1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.

Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарды албаганда) төмөнкү топторго бөлүнөт:

- күйбөөчү - абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Күйбөөчү заттар өрт-жарылуу коркунучуна ээ болушу мүмкүн (мисалы, кычкылдандыргычтар же суу, абадагы кычкылтек же бири бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу заттар);

- кыйындык менен күйүүчү - тутануу булагы таасир эткенде абада күйүүчү, бирок тутануу булагы четтетилгенде өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;

- күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүчү, ошондой эле тутануу булагы четтетилгенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктардан оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топтор бөлүнөт, алардын буулары өрт коопсуздугу боюнча ченемдик актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.

Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүн сыноо усулдары атайын техникалык регламент менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-10)
