# 86-берене. Өрт аспабына коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 86-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-86

---

1. Өрт аспабы функциялык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

- ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жана бекитүү боюнча жумуштарды;

- тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жана материалдарын майдалоо боюнча жумуштарды;

- ар кыл диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштердеги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды.

2. Механикалаштырылган кол аспабы адамдын денесинин бөлүктөрүнө жана кийимине кыймылдуу механизмдеринин тийип турушунан сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.

Механикалаштырылган кол аспабын башкаруу органдары ага киргизилген маалыматтарды көп маанилүү түшүндүрүүнү четтетүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылууга тийиш.

3. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт аспаптарынын конструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт аспабынын ашташкан түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтарды же слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ишенимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.

5. Өрт аспабынын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө оператордун электр коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-87)
